ГАНДИ Ражив: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГА́НДИ Ражив (20. 8. 1944, Бомбей, азыркы Мумбай – 21. 5. 1991, Шри-Перумбудур) – Индиянын саясий ж-а мамл. ишмери. Индира Гандинин уулу. Индиянын ж-а Англиянын (Кэмбриж) ун-ттеринде билим алган. 1980-жылдан Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясынын жаштар канатынын жетекчиси. 1981-ж. Индия парламентинин Элдик палатасына шайланган. 1983–84-ж. ИУКтун Генералдык секретары, 1984-жылдан төрагасы. Индира Гандинин өлүмүнөн кийин 1984–88-ж. Индиянын премьер-министри; ошол эле мезгилде

тышкы иштер министри кызматтарын аткарган. Энеси Индира Гандиден айырмаланып, мамл. секторго караганда жеке секторду, рынок мамилелерин өнүктүрүүнү колдогон. 1985-ж. май айында атайын визит м-н Кырг-нда болгон. 1990-ж. анын партиясы шайлоодо жеӊилген. Террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн.