ГАННОВЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАННО́ВЕР (Hannover) – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Төмөнкү Саксония жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору (1946-жылдан) ж-а ири шаары. Калкы 532,1 миӊ (2020; агломерациясында 1,1 млн). Тогуз жолдун тоому. Г. аркылуу Москва – Варшава – Берлин – Кёльн – Париж трансъевропа темир жол магистралы, Бремен, Франкфурт-на-Майне ж-а Рур индустрия аймагындагы шаарларга автострада ж-а Г.– Вюрцбург жогорку ылдамдыктагы темир жолу өтөт. Лайн д-ндагы ж-а Орто Герман каналындагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (транспорттук, а.ч., электр-тех.), түстүү металлургия, резина, тамак-аш, жеӊил өнөр жай ишканалары иштейт. Меторополитен. Ун-т, ин-ттар, музыка ж-а театр академиясы, опера театры, Кестнер ж-а Төмөнкү Саксония жеринин музейлери бар. Г-де жыл сайын өнөр жай ярмаркасы өткөрүлүп турат. 12-к-дын

башынан белгилүү. 1241-жылдан шаар. Герцогдордун, курфюрсттердин (1692-жылдан), Ганновер королдорунун (1815-жылдан 1866-ж. чейин) резиденциясы. Чиркөөлөрү (14-к.), эски ратуша (1438- ж-а 1454–55-ж. чамасы) сакталган. Шаардын аймагында Айленриде ири токой массиви, «Чоӊ бакча» (1666) жасалма көлү уюштурулган. Г-га жакын нефть ж-а калий тузу казылып алынат. Шаардын жаӊы бөлүгүндөгү чиркөөгө белгилүү философ Г. В. Лейбництин сөөгү коюлган.