ГАРМОНИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАРМО́НИЯ (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Арх-ралык Г. ой-идея м-н бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш м-н байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө ж-а үндөшүүнүн ладдын шартына карай катары м-н жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Г-да аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу м-н анын ладдык, гармониялык функциялары, о. эле үн өрчүтүү мыйзамченемдери аныкталат. Г. обонго шайкеш келүү м-н аны байытып, угумдуулугун арттырат. Г. элементтери, айрыкча каденциялар ж-а модуляциялар, муз. форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.