ГАСПРИНСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАСПРИ́НСКИЙ Исмаил, И с м а и л б е й Г а с п р а л ы [8(21).3.1851, Украина, азыркы Крым Автономия Респ., Ялта, Гаспра ш.– 16(29).7.1914, Бакчысарай ш.] – коомдук ишмер, ойчул, жадидизмдин негиздөөчүсү, Чыгыш элдеринин көрүнүктүү агартуучусу, публицист. Улуту – крым татары. Бакчысарай ш-ндагы мусулман мектебинен башталгыч билим алып, 1865–66-ж. Москвадагы кадет корпусунда окуган. 1867–70-ж. Крымдагы «Зан жерли» медресесинде иштеген. 1872–74-ж. Парижде жашап, орус жазуучусу И. Тургеневдин секретары болгон, о. эле учурда Париж ун-тинде окуган. Кийин Египет, Түркия, Түркстанда да болгон. 1876–83-ж. Бакчысарайда шаар башчысы кызматын аткарган. 1881-ж. Россия өкмөтүнүн билим берүү системасын сынга алып, Россия империясынын мусулмандарынын рухий өсүшүнө мүмкүндүк берүүнү талап кылган («Мусулмандын ойлору, сын-баамдары жана байкоолору»), («Мысли, заметки и наблюдения мусульманина») эмгегин жарыялаган. Мусулман мектептери м-н медреселерде окутуунун мазмунун өзгөртүп, аларда дин м-н катар математика, география, тарых, биология сыяктуу сабактарды араб жазмасынын негизинде өз тилинде окутуу зарылдыгын белгилеген. Араб тамгаларын түрк тилдеринин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу керектигин сунуштаган. 1888-ж. жадиддик ыкмага өткөн мектептер м-н медреселерге арналган «Баланын окутуучусу» («Ховажа субьян») аттуу биринчи окуу куралы, 1894-ж. «Түрк хрестоматиясы» («Краед турки»), 1894-ж. жаӊы методикадагы «Усули Жадид» мектебинин мугалимдери үчүн пед. кеӊештер берилген «Мугалимдерге колдонмо» («Рехбер мугалими») окуу китептери жарык көргөн. Г. өз демилгеси м-н кылымдар бою келе жаткан конфессиялык мусулман дин мектептеринин ордуна (5–6 жыл бою араб же перс тилиндеги – куран, хаптияк, софи ал лаяр, чаар китеб сыяктуу ыйык китептерди окутуп, бирок көпчүлүк учурда чала сабат бүтүрүүчүлөр чыккан) жаӊы методдогу мектептерди ачкан. Анда арифметика, эне тили, ад-т, тарых, география ж. б. сабактар окулган. Көпчүлүк мусулман элдеринин алгачкы улуттук интеллигенциясынын өкүлдөрү ушундай мектептин бүтүрүүчүлөрү болгон. 1883-жылдан Россиядагы алгачкы «Тержиман» («Котормочу») мусулман гезитин чыгарууну колго алып, 30 жылдан ашуун убакыт бул гезит илим-билим, мад-тты мусулман калкынын арасына жайылтууда зор роль ойногон ж-а Крым, Кавказ, Татарстан, Башкыртстанда эле эмес, Индия, Египет, Иран, Ирак, Чыгыш Кытай ж. б. өлкөлөргө да тараган. Россиянын чет жакасындагы түрдүү элдердин каада-салты, жашоосу, о. эле Индия, Египет, Түркия, Франция, Англия ж. б. өлкөлөрдүн турмушу, экономикасы, мад-ты тууралуу маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Г. Крымда ж. б. мусулман өлкөлөрүндө аялдарга билим берүү демилгесин көтөрүп чыккан ж-а аны ишке ашыруучу, негиздөөчүсү катары да саналат. Ал аялдар үчүн атайын «Аялдар» («Кадынлар») аттуу эмгегин, «Арстан кыз» («Арслан кыз») повестин, «Тержиман» гезитине кошумча катары «Аялдар дүйнөсү» журналын чыгарган. Аялдар кыймылы тууралуу өз көз карашын «Чыгыш жана Батыш аялдары» аттуу көлөмдүү макаласында чагылдырган. Аялдардын билим алуу б-ча маселелерин «Дер эль рахатские мусульмане» аттуу романында да ачып, чыгармада «сырдуу өлкөдөгү» аялдардын жашоосун мүнөздөгөн. Бул жылдары эл ичинде агартуу иштери б-ча улуу кыймыл башталып, аялдардын билим алуусу үчүн 3 млнго жакын акча топтоп, жаӊыча методдогу ондогон мектептер ачылган. 300дөй түрдүү окуу куралдары ж-а методикалык китептер жарык көргөн, Памирде, Ошто, Чыгыш Кытайда ж. б. жерлерде сегиз «Жемиет Харилие», б. а. кайрымдуулук коомдору уюшулган. Ал Түркстан аймагына эчен ирет келип, Самарканд, Ташкент, Бухара, Каракол ш-нда жаӊы методдогу мектептерин ачкан ж-а алгачкы сабактарды өзү өткөргөн. Андагы элдердин мад-ты, агартуусу тууралуу ил. эмгектерди, көркөм чыгармаларды жараткан. Анын таасири м-н Кырг-ндын аймагында да төрт мектеп: Пишпекте «мадрасаи-иштидат», Токмоктогу «мадрасаиикбалия», Чоӊ-Кеминде «мадрасаи-шабдания» ж-а Караколдо Г-дин мектеби ачылган. Кыргыз элинин Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Т. Талканбаев, Ы. Шайбеков сыяктуу бир топ көрүнүктүү өкүлдөрү ушундай мектептерден билим алып, өз доорунун алдыӊкы билимдүү адамдарынан болушкан. 1906-ж. «Россия мусулмандар союзу» («Иттифак ул-муслимун») уюмунун борб. к-тине мүчө болуп шайланган. Мамл. думадагы мусулман фракциясы м-н тыгыз байланыш түзүп, анын иштерине натыйжалуу көмөк көрсөткөн. Г-дин мусулман элдеринин дүйнөлүк конгрессин уюштуруу аракети ж-а анын жалпы мусулман калктарынын ичинде агартуучулук иштери эл аралык кайрымдуулук актысы катары бааланып, француз ил. коомунун сунушу Англия ж-а Россиянын окумуштуулары тарабынан колдоого алынып, 1910-ж. Нобель сыйлыгына сунушталган.
Чыг.: Мысли, заметки и наблюдения мусульманина. Бахчисарай, 1881; Русско-восточное соглашение, мысли, заметки и пожелания И. Гаспринского// Из наследия. Симферополь, 1881.
Ад.: Губайдуллин А. К вопросу об идеологии Гаспринского. Баку, 1929; Беннигсен А. Исмаилбек Гаспринский и русское мусульманство. Оксфорд, 1985; Машкевич А. А. Выдающийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. А., 2002.
А. Кубатова.