ГАСТРУЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАСТРУЛЯ́ЦИЯ – көп клеткалуу жаныбарлардын түйүлдүгүнүн алгачкы өөрчүү процесси. Г. бөлүнүүнүн акыркы фазасы – бластула пайда болгондон кийин жүрөт, түйүлдүк бул мезгилде гаструла деп аталат. Г-да (кийинчерээк) эки катмардуулардан (былпылдактар ж-а ичеги көӊдөйлүүлөр) башка бардык жаныбарларда үчүнчү түйүлдүк катмары – мезодерма бөлүнүп чыгат. Ийне терилүүлөрдөн башка бардык омурткасыз жаныбарларда мезодерма эки же бир нече өзүнчө клеткалардын телобласттардын бөлү-нүшүнөн пайда болот. Ийне терилүүлөрдө ж-а татаал түзүлүштүү омурткалуулардан башка бардык хордалууларда мезодерма баштапкы энтодермадан бөлүнөт. Г-да клетка материалынын татаал жылышуусу болуп, натыйжада клетка бөлүгү бир катмарлуу түйүлдүккө түшөт да, түйүлдүк капталы эки катмарлуу болуп калат. Жерде-сууда жашоочуларда мезодерма м-н хорда материалы алгачкы ичегинин жогору (арка) жагында же түбү энтодерма клеткаларынан түзүлгөн гастроцелдин (гаструла көӊдөйү) чокусунан орун алган. Г-да энтодерма клеткалары гастроцелдин чокусунун астында, ал эми мезодерма клеткасы эктодерма м-н энтодерманын ортосуна өсө баштайт. Сойлоочулар, канаттуулар ж-а сүт эмүүчүлөрдө Г. процессинде алгач энтодерма пайда болуп, андан м е з о д е р м а калыптанат.