ГАФНИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГА́ФНИЙ (лат. Hafnium), Hf – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгашкан хим. элемент. Катар н. 72, ат. м. 178,49. Табиятта массалык сандары 174, 176–180 болгон 6 туруктуу изотобу бар. 1923-ж. Нидерланд окумуштуусу Д. Костер ж-а венгр окумуштуусу Г. Хевеши ачышкан. Жер кыртышында массасы б-ча 3,2 . 10–4%ти түзөт. Күмүш түстүү ак металл; тыгыздыгы 13,09 г/см3, б. эрүү t 2232°C, кайноо t 4620°C. Хим. касиети б-ча цирконийге өтө окшош. Негизги окистенү даражасы +4, чанда +3, +2, +1. Жогорку темп-рада азот, көмүртек, бор, кремний м-н аракеттенип, металл сымал катуу, кыйындык м-н эрий турган, хим. реагенттерге өтө туруктуу бирикмелерди HfN, HfS, HfSi, HfC, ж. б. пайда кылат. Абада окистенүүдөн сырткы бети жука кабыкча м-н капталат. Кычкылтек м-н ысытуудан Г. оксиди HfO2 пайда болот. Галогендер м-н ысытканда HfCl4, HfF4 сыяктуу бирикмелерди берет. Ал цирконий минералдарынан ж-а Г. хлоридин HfCl4 калыбына келтирүдөн алынат. Г-дин тантал ж-а вольфрам м-н болгон куймасы абс. нөлгө жакын темп-рада да, 2000°С темп-рада да чыдамдуу. Ошондуктан ядро энергетикасында, электрондук техникада, авиацияда, ракеталардын ж-а реактивдү кыймылдаткычтардын тетиктерин жасоодо колдонулат.