ГАШЕК: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГА́ШЕК Ярослав (30. 4. 1883, Прага – 3. 1. 1923, Липнице) – чех жазуучусу, сатирик. 20-к-дын баш ченинде анын жол очерктери, юмордук сүрөттөмөлөрү жарыялана баштаган. Кийинки жазылган социалдык мүнөздөгү сатиралык аӊгеме, фельетондорунда аскердик бийлик м-н бурж. мамл. аппараттын бюрократизмин, моралын, мад-тын, диний ырым-жырымын ашкерелеп, элдин оор турмушун көрсөткөн. 1915-ж. Австрия-Венгрия армиясына чакырылып, көп узабай орус аскерлерине туткунга түшкөн. 1916-ж. Россиядагы чехословакиялык аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган, аскер журналисти болуп иштеген. 1920-ж. ата-журтуна келип, чыг-лыгын уланткан. «Эргул жоокер Швейктин дүйнөлүк согуш мезгилинде башынан өткөргөндөрү» (1921–23) романында эл турмушунун реалисттик көрүнүштөрү курч сатиралык гротеск м-н эриш-аркак берилген. 30га роман жакын экрандаштырылган. Чехословакияда Г. музейи (Липницеде) ачылган.
Чыг.: Собр. соч. т. 1–5. М., 1966.