ГВАДЕЛУПА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГВАДЕЛУ́ПА – Франциянын «деӊиздеги алыскы» депертаменти (1946). Кариб деӊизиндеги Кичи Антил архипелагынын (Айдарым аралдар тобуна) борб. бөлүгүндө жайгашкан. Жакын жаткан аралдары м-н (Мари-Галант, Дезирад, Ле-Сент, Сент-Бартельми, Птит-Тер, Сен-Мартин а-нын түн. бөлүгү) Г-нын курамына кирет. Аянты 1,8 миӊ км2. Калкы 396,0 миӊ (2016). Адм. борбору – Бас-Тер ш. Расмий тили – француз

Суфриер жанар тоосу.

тили. Калкынын 95% католиктер, 4%ке жакыны индуисттер ж-а салт болуп калган жерг. динди туткандар. Адм.-айм. жактан 3 округка бөлүнөт. Акча бирдиги – евро.
Г. аралдары акиташ тоо тегинен турган платодон (бийикт. 130 мге чейин) ж-а жанар тоо массивинен турат. Аракеттеги Суфриер жанар тоосу бар (бийикт. 1467 м). Аралдарын шуру (коралл) рифтери курчап турат. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм, тоолорунда 3000 мм. Февралдын орт. темп-расы 24°С, августтуку 27°С. Нымдуу дайыма жашыл тропик токою, мангр өсүмдүктөрү ээлейт, жалпы аянты 34,8 миӊ га келген коргоого алынган 8 табигый аймак уюштурулган (а. и. Гваделупа улуттук паркы).

Кайра иштетүү өнөр жайы өнүккөн. Анын негизги тармагы – ром ж-а кант өндүрүү. Жеринин 15% иштетилет. Бал камыш, банан, цитрус өсүмдүктөрү, коон, буурчак, маниок, баклажан ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы өнүккөн. Балык кармалат.
1493-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган. 1674-ж. арал Франция ээлиги деп жарыяланган. 1810-ж. англичандар басып алган, бирок Париж келишими б-ча 1816-ж. Францияга кайтарылып берилген. 1946-ж. Франциянын «деӊиздеги алыскы депертаменти» деген статуска ээ болгон.
ИДПнин көлөмү 3,5 млрд долларды (АКШ) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 7,9 миӊ доллардан туура келет (2003). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 68%, өнөр жайыныкы 17%, а. ч-ныкы 15%. Туризм (дайвинг, яхтинг ж. б.; жылына 675 миӊ турист келет) активдүү өнүгүүдө.
Темир жолу жок. Автомобиль жолунун уз. 950 км (2003). Негизги порттору: Бас-Тер, Густавия, Пуэнт-а-Питр. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка банан, кант, ром, коон чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина курууга керектүү продукция, кийим-кечек, күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Мартиника, АКШ (экспорт); Франция, Германия, АКШ (импорт).