ГДЫНЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГДЫНЯ – Польшанын түндүгүндөгү шаар. Поморье воеводдугунда. Калкы 244,4 миӊ (2016). Балтика деӊизинин Гдань бухтасында жайгашкан. Гданьск, Сопот ш. м-н Труймясто шаар агломерациясын түзөт (калкы 867,0 миӊ). Ири деӊиз порту (2005-ж. 12,1 млн т жүк ташылган, анын 63% контейнер жүгү). Карлскруна ш. (Швеция) м-н паром аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турат. Алгач 1253-жылдан эскерилет. 1926-жылдан шаар. Архангел Михаил чиркөөсү (13-к.), неоготика стилиндеги чарбак-үй (18-к.), функционализм стилиндеги курулуштар сакталган. Ил.-из. ин-ттары, Деӊиз, Аскер-деӊиз академиялары, бир нече менчик ЖОЖ, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын поляк көркөм фильмдеринин фестивалы, хореография иск-восунун эл аралык конкурсу, парустуу кайыктардын эл аралык жарышы өткөрүлөт. Г. – кеме куруу ж-а ремонттоо өнөр жайынын ири борбору. «Гдыня» кеме верфи (Европадагы эӊ ири ), кеме муздаткычтарына ж-а кабель телекөрсөтүүсүнө жабдуу чыгаруучу ишканалары, 2 ЖЭС, Поморье ил.-техн. паркы (анын базасында электроника өнөр жайы НАТОнун аскерлери үчүн байланыш каражаттарын чыгарат) иштейт. Балык кармалып, беленделет.