ГЕБРИД АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕБРИ́Д АРАЛДАРЫ , Г е б р и д д е р – Атлантика океанындагы архипелаг. Британ а-на кирет, Шотландиянын батыш тарабында; Улуу Британиянын аймагы. 500дөй аралдан турат (негизгилери – Льюис, Скай, Малл). Жалпы аянты 7,5 миӊ км2. Рельефине таштуу түздүк, дөбө-дөӊсөөлөр ж-а жапыз тоолор (бийикт. 1009 мге чейин, Скай а-ндагы Куллин-Хилс чокусу) мүнөздүү. Лава талаасы, байыркы муз каптоонун издери (тепши сымал өрөөндөр ж. б.) бар. Шалбаа, вереск бадалы, кайыӊ токою, өлөӊ чөп басымдуу. Балык кармалып, кой асыралат.