ГЕДЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕ́ДЕЛЬ ( Gцdel) Курт (28.4.1906, Брюнн (Брно) – 14.1.1978, Принстон) – австриялык логик ж-а математик, Вена ийриминин катышуучусу. Матем. логика, көптүктөр теориясы б-ча зор маанилү натыйжаларга жетишкен. Г. ээ болгон эӊ маанилү натыйжа – мол мүмкүнчүлүктөрү бар формалдуу системалардын (а. и. натуралык сандар арифметикасы, аксиомалык көптүктөр теориясы) толук эместигинин далили Г-дин эӊ атактуу теоремасы – бул ил. билимдерди толук бойдон формалдаштыруунун мүмкүн эместиги ж-а карама-каршылыксыздыгы. Биринчи теоремасы б-ча, эгер арифм. формалдык системада карама-каршылык болбосо, анда ал толук эмес. Экинчиси б-ча, эгер формалдык система карама-каршылыксыз болсо, анда анын карама-каршы эместигин системанын ичинде формалдашкан каражаттар м-н далилдөө мүмкүн эмес. Бул теоремаларга матем. логиканын, далилдөө теориясынын алкагында ж-а о. эле методологиялык ж-а гносеологиялык мүнөздөгү бүтүмдөрдүн көпчүлүгү негизденет. Констр-луу логиканын, о. эле матем. логиканын башка бөлүмдөрүндөгү моделдер теориясы да Г-ге таандык.