ГЕЙГЕР-МЮЛЛЕР ЭСЕПТЕГИЧИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕ́ЙГЕР-МЮ́ЛЛЕР ЭСЕПТЕГИЧИ– заряддуу бөлүкчөлөрдү, нурларды каттоого ж-а изилдөөгө ылайыкталган прибор. Немец физиктери Х. Гейгер м- н В. Мюллердин ысымынан аталган. Ал ичинен абасы сордурулган узун айнек баллондон турат. Баллондун ички бети металл м-н капталып, ал катоддун, баллондун узуну б-ча тартылган ичке зым аноддун милдетин аткарат. Баллон басымы 100–150 сым. мам. мм аргон же неон газы м-н толтурулган. Катод м-н аноддун ортосуна жетишерлик чоӊ чыӊалуу берилгенден кийин баллонго кирген бөлүкчө өзүнүн зарядына, массасына ж-а ылдамдыгына

2 – катод (дат баспаган болоттон жасалган түтүк бетиндеги жездин жука катмары); 3 – катод; 4 – анод (катоддун огу б-ча тартылган ичке зым).
жараша газды иондоштуруп, чынжырда ток импульсун пайда кылат. Ал импульс күчөтүү м-н атайын санагычка берилет. Пайда болгон ток импульсуна жараша бөлүкчөнүн бир катар мүнөздөмөлөрүн да аныктоого болот. Г.-М. э. ядролук изилдөөдө, радиоактивдүү минералдар кенин чалгындоодо, рентген нурларынын ургаалдуулугун өлчөөдө, биология, медицина, химия, металлография ж. б. кеӊири колдонулат.