ГЕКСОЗАЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕКСОЗАЛАР, ж ө н ө к ө й к а н т т а р, С6Н12О6 – молекуласында алты көмүртек ж-а алты кычкылтек атомдору бар моносахариддер (глюкоза, фруктоза). Г-дын башка моносахариддердей эле ациклдүү (ачык) ж-а циклдүү (туюк) формалары болот. Алты мүчөлүү циклден тургандыктан, пиранозалар деп аталат. Г. – даамы таттуу кристалл заттар. Сууда жакшы эрийт. Моносахариддерге мүнөздүү бардык хим. касиеттерге ээ. Гликозиддер түрүндө табиятта эркин кездешет. Ди- ж-а полисахариддердин, гликопротеиддердин ж. б. курамына кирет. Кычкылданып, тиешелүү к-таларды калыбына келтирип, спирттерди пайда кылат. Молекуласында альдегид тобу болгон Г. альдоздорго, ал эми кето тобу барлары кетоздорго кирет. Эӊ маанилүү Г.: D-глюкоза, D-манноза, D-галактоза, D-фруктоза, аскорбин к-тасы (C витамини). Булар – табиятта кеӊири таралган моносахариддер. Көбүнчө өсүмдүк ж-а жаныбарларда кездешет. Г. калыбына келтиргич катары кездеме боёодо, медицинада ж-а тамак-аш өнөр жайында кеӊири колдонулат.