ГЕЛДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕЛДЕР (лат. gelo – муздоо) – кээ бир касиеттери катуу заттарга окшош килкилдек сымал колоиддик системалар. Г. коллоиддик эритмелердеги золдордун коагуляцияланышынан ж-а заттар суюктукта көпкөн убакта (желатиндин – сууда, каучуктун – бензинде ж. б. көбүшү) пайда болот. Ал мех. ж-а жылуулуктун таасиринен оӊой ж-а кайра калыбына келүүчү бузулууга дуушарланат. Суу дисперсиялык чөйрөдөгү Г. – гидрогелдер, углеводород чөйрөдөгүсү органогелдер деп аталат. Алар лиофобдуу ж-а лиофилдүү болуп бөлүнөт. Лиофобдуу Г-дин дисперсиялык чөйрөсүн жок кылса (мис., буулантса), катуу былпылдак тибиндеги көп сандаган майда тешиктүү структураны берет. Аларга кайра эриткич таасир эткенде золь пайда болбойт. Лиофилдүү Г-дин чөйрөсүн жоготсо, улам көлөмү кичирейип, тыгыз бириккен килкилдекке, андан ары кургатса катуу аморфтуу массага (аэрогелдер) айланат. Бул процесс желатиндешүү деп аталат.