ГЕЛИООРНОТМО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕЛИООРНОТМО – күн нурунун энергиясын турмуш-тиричиликке колдонууга ылайыктуу энергиянын башка түрүнө (мис., жылуулук, электр энергиясына) айландыруучу түзүлүш.

Күн коллекторунан турган гелиоорнотмо: а – жалпы көрүнүшү;
б – иштөө схемасы: 1– жалпак күн коллектору; 2 – аккумулятор;
3 – циркуляциялык насос.

Г. концентратордуу ж-а концентраторсуз болуп бөлүнөт. Биринчиси күн радиациясынын тыгыздыгы жогорулагандагы энергияны гелиоконцентратордун жардамы м-н күчөтүп, экинчиси – табигый тыгыздыктагы күн нурун башка энергияга айландырат. Концентраторсуз Г. сууну же абаны ысытууда, жашылча-жемишти ж-а материалдарды кургатууда, сууну тузсуздандырууда, электрэнергиясын алууда ж. б. максаттарда пайдаланылат. Концентратордуу Г. «зыянсыздандыруучу» технол. шартта жогорку темпраны
алуу үчүн кызмат кылат. Мындай Г-нунп. а. к. 0,4–0,6. Күн нурун чогултуу үчүн параболалык, параболалыкка жакын ж-а парабола-цилиндрдик күзгүлөр колдонулат.