ГЕЛИОЭНЕРГЕТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕЛИОЭНЕРГЕ́ТИКА (гелио... – Күн ж-а энергетика) – гелиотехниканын жардамы м-н күн радиациясынан энергия алуу. Анда электр энергиясын ж-а жогорку темп-радагы жылуулукту өндүрүү үчүн күнэлектр станциялары, күн элементтери ж-а батареялар, о. эле имараттарды ж-а күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн төмөнкү темп-ралуу жылуулук өндүрүүчү күн коллекторлору колдонулат. Мында энергияны керектөө ж-а атм-ны булгоочу заттардын өлчөмү 10–20%ке төмөндөйт. Айрым өлкөлөрдө күн энергиясы калыбына келүүчү энергия булагы катары ийгиликтүү пайдаланылууда. Мис., Израилде Г. аркылуу ысык суу м-н турак-жайлардын 65%и камсыз кылынат. Күн батареясында иштеген дүйнөдөгү 1-электр станциясы Калифорнияда (кубаттуулугу 6,5 МВт) курулган. Ал 2,5 миӊге жакын турак-жайды жылытат. 1983-ж. Калифорниянын түштүгүндө «энергия мунаралары» курулган. Алар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгарбай, энергия өндүрүмдүүлүгү б-ча АЭСке теӊдешкен. Азыр дүйнөдө 20га жакын курулма бар, алардын 9у Калифорнияда, калгандары Израиль, Франция, Испания, Японияда ж-а КМШ өлкөлөрүндө. Бирок Г. энергияга болгон муктаждыкты толук чече албайт; анткени бул энергияны чогултуп сактоо кыйын, алыскы аралыкка жоготуусуз берүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу жаӊы ыкма – күн энергиясын хим. энергияга айлантуу жолу табылууда. Мис., Сауд Арабиясында күн энергиясынан отунду (суутек) алуучу ж-а АКШда фотоэлектрдик курулмалар колдонулууда.
У. Андашев.