ГЕЛЬМИНТОЗООНОЗДОР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕЛЬМИНТОЗООНОЗДОР ( гр. hеlmins, hеlminthos – курт ж-а zоon – жаныбар, njsos – оору) – малдын гельминтоздор тобуна кирүүчү ылаӊдар тобу. Адамга да жугат. «Г.» терминин 1929-ж. К. И. Скрябин м-н Р. С. Щульц киргизген. Биоген. адаптациянын негизинде облигаттык ж-а факультативдик болуп бөлүнөт. Облигаттык гельминттер киши ж-а жаныбарлардын кээ бир түрлөрү (сүт эмүүчүлөр, балыктар ж.б.) м-н байланышта болуп, ар кандай жол м-н (тамак-аш, жем-чөп, суу ж. б. аркылуу) ооруга чалдыктырат. Мис., киши – дифиллоботриоз козгогучунун акыркы, эхинококкоз м-н альвеококкоздун аралык, тениоз м-н трихинеллёздо аралык ж-а акыркы ээси. Кээ бир Г-дун козгогучтары (тениоз ж. б.) кишиден жаныбарга (антропозоогельминтоздор), тескерисинче жаныбардан кишиге (трихинеллёз ж. б.) жугушунда (зооантропогельминтоздор) экол. факторлордун ролу чоӊ. Г-дун бир тобу кишинин денесинде көбөйөт, бирок өнүгүү цикли аягына чыкпайт, көпчүлүк учурда алар ар кайсы ткандарда орун алып, оор патол. өзгөрүүлөргө дуушарлантат (чочконун аскаридасы, токсокарлар ж. б.). Факультативдик Г. адамга жукса оору козгойт, эгерде жукпаса, өз алдынча өсүп, өөрчүп, көбөйүүгө жөндөмдүү.
Д. Раимбеков.