ГЕМАТОМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕМАТО́МА (гемато... ж-а ...ома) – кырсыктан же оорунун кесепетинен кан тамыр жабыркаганда ткандарда кандын чогулушу. Мында кан толгон көӊдөй пайда болот. Г. бир нерсеге урунган жерде кан тамыр жарылганда же кандын уюшу бузулганда келип чыгат. О. эле кан тамырдын патол. өзгөрүүсү (мис., атеросклероздо) да түрткү берет. Ал тери алдында, сөөк үстүндө, булчуӊда, былжыр челде, ички органда ж. б. кездешет. Анча чоӊ эмес Г. жумшак ткандар бир нерсеге урунгандан болот, урунган жер ооруп, шишимик тартып көгөрөт. Ага муздак басып, катуу таӊып коюу ж. б. жардам көрсөтүлгөндө жок болуп кетет. Чоӊ Г-да, мис., мээ, боор, көк боордун ж. б. органдардын Г-сында жабыркаган адамды токтоосуз ооруканага жеткирүү керек.