ГЕМОФИЛИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕМОФИЛИ́Я (гемо… ж-а гр. philia – ыӊгайлуу) – кандын начар уюушунан болгон тукум куума оору. Г-нын тукум куушу аялдын жыныс хромосомасынын генинин жабыркашына байланыштуу. Ал кан плазмасында кан уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Г. жаш балдарда көбүрөөк байкалат. Аны м-н ооруган адам кичине эле урунуп алса, ал жери канталап көгөрүп чыгат, кээде терисин кесип же тилип, тилин тиштеп алса же тишин жулдурганда кансырап, аз кандуулукка, айрым учурда өлүмгө дуушар болот. Анын негизги белгиси кан көпкө уюбайт ж-а антигемофилдүү глобулин кем болот. Дарылоодо оорулууга кан, анын сары суусу, антигемофилдүү глобулин куюлат ж-а кан токтотуучу дарылар колдонулат. Алдын алууда оорулуу балдарды урунуу, жыгылуу ж. б. кокустуктардан сактоо, соо кишилердин канынан жасалган концентраттарды пайдалануу керек.