ГЕН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕН (гр. genos – түпкү теги) – тукум куугучтуктун эӊ жөнөкөй бирдиги, дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК), кээ бир вирустарда рибонуклеин кислоталарынын (РНК) бир бөлүгү. Ал хромосомалардын курамына кирет. Ар бир Г. клеткадагы белоктордун биринин түзүлүш структурасын мүнөздөп, организмдин белгилери м-н касиеттеринин өөрчүшүн аныктайт. Г-дин негизги милдети – ферменттин же башка белоктордун синтезин маалыматтоо. Анын структурасы өзгөрсө, клеткадагы белок синтези бузулуп, ошого байланыштуу белгилердин начарлашы жүрөт. Аллелдин (Г-дин) бар экенин 1865-ж. Г. Мендель ачып, жаӊы организмдин ар бир белгиси, ата-энесинин жыныс клеткаларындагы тукум куугучтук факторлору аркылуу берилет деп далилдеген. 19-к-дын аягында митоз м-н мейоздун ачылышына байланыштуу, тукум куума факторлордун тукумга берилишинде хромосомалардын ролу чоӊ деген ойлор айтылган. Тукум куугучтуктун бирдиги катары «Г.» терминин илимге 1909-ж. даниялык генетик В. Иогансен киргизген. Тукум куугучтуктун хромосома теориясын 1910–13-ж.
Т. Морган иштеп чыккан. 1944-ж. амер. илимпоз О. Т. Эйвери ж. б., 1953-ж. амер. биолог Ж. Уотсон ж-а англ. физик Ф. Крик ДНКнын структурасын изилдеп, касиеттерин сыпаттап жазышкандан кийин гана, укумдан тукумга берилүүчү тукум куума зат ДНК молекуласында болору толук аныкталган. Тукум куума белгилер укумдан тукумга сакталыш үчүн Г-деги нуклеотиддердин ырааттуулугу өзгөрбөөгө тийиш. Нуклеотиддердин бирин эле алмаштыруу (өзгөртүү) тукум куума оорулардын пайда болушуна шарт түзөт. 20-к-дын 60-жылдары молекулалык биологиянын жетишкендиктеринин натыйжасында негизги 20 амин к-таларын коддоочу нуклеотиддердин курамы аныкталган ж-а Г-дин функциясынын закон ченеми түшүндүрүлгөн. Мындай изилдөөлөрдүн натыйжасында клетка ген. маалымат алып жүрүүчү ДНКнын молекуласын көбөйтүүгө жөндөмдүү экени далилденип, репликация деп аталган. Г-де ДНКнын көчүрмөсү (копиясы) рибонуклеин к-тасы түрүндө (маалыматтык же мРНК) синтезделет (транскрипция). мРНК клетка рибосомасы транспорттук рибонуклеин к-тасы (тРНК) м-н кошулуп, белгилүү Г-ге тиешелүү белок молекуласын синтездейт (трансляция). Белоктогу амин к-таларынын ырааттуулугу, анын касиети бүтүндөй нуклеотиддердин Г-де жайгашуу ирээтине жараша болот. Ошентип Г. – ДНК молекуласынын бир бөлүгү (вируста РНК) болуп, тирүү клеткадагы амин к-таларынын биринчилик структурасында жайгашуу катарын аныктап, ошону м-н бирге организмде белгилердин калыптанышын шарттайт.
Ад.: Уотсон Ж. Молекулярная биология гена/Пер. с англ. М., 1978; Гены эукариот (повторяющиеся гены). М., 1982.