ГЕНДЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕ́НДЕЛЬ Георг Фридрих (23. 2. 1685‚ Галле – 14. 4. 1759‚ Лондон) – немец ж-а англ. композитору‚ органист‚ скрипач. Өмүрүнүн көбү Англияда өткөн. 17 жашында Галладагы собордун органисти

Г. Ф. Гендель. Г. Кнеллер тарткан портрет. (Лондон).

ж-а муз. жетекчиси болгон. Ошол кезде жалгыз немец опера театры жайгашкан Гамбург ш-на келип (1703), «Альмира» ж-а «Нерон» операларын
жазган. Гамбург опера театры жабылгандан кийин Италияга кеткен‚ Флоренцияда‚ Римде‚ Неаполдо‚ Венецияда жашап‚ мыкты композитор катары таанылган. Г. – «Родриго» (1707)‚ «Агриппина» (1709)‚ «Ринальдо» (1711)‚ «Радамист» (1720)‚ «Юлий Цезарь» (1724) ж. б. 40тан ашуун операнын автору. Ал опера жанрында баатырдык ж-а турмуштук образдардын муз. мүнөзүн тереӊдетип‚ оркестрди вокалдык формалар м-н байыткан. Ораторияларында опералык-драмалык («Cамсон»‚ «Иевфай» ж. б.)‚ лирикалык («Шайыр‚ кыялкеч жана токтоо») мүнөз пайда болгон‚ алардын бардыгында Г-ге таандык оптимизм‚ сулуулукту аздектөө сезилип турат. Ал 30га жакын оратория жазган‚ хор өнөрүн өркүндөткөн‚ аспаптык музыкага да зор үлүш кошкон.