ГЕНЕАЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕНЕАЛО́ГИЯ (гр. genealogia – санжыра) – тарых илиминин көмөкчү тармагы. Уруулардын тарыхын, жеке адамдардын тек-жайын, тууганчылык байланыштарын иликтеп, санжыра же тукум тарыхын түзөт. Байыркы мезгилдерден эле падышалардын, өкүмдарлардын, мифтик баатырлардын теги тууралуу айтылып келген, ал эми о. кылымдарда Батыш Европада сословиелик артыкчылыктардын бекемделишине байланыштуу анын мааниси жогорулаган. Бир уруунун теги тууралуу атайын маалымдамалар (Г-лык таблица, схема түрүндө) түзүлүп, анда уруунун түпкү тегинен тартып, кандай таралгандыгы көрсөтүлүп, ар бир уруу өзүнүн байыркылыгын ж-а тектүүлүгүн далилдегенге аракеттенген. 17–18-к-да Г. тарых илиминин көмөкчү тармагы катары калыптана баштаган, к. Санжыра.