ГЕНЕРАЛИССИМУС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕНЕРАЛИ́ССИМУС (лат. generalissimus – эӊ башкы) – бир катар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндөгү аскердик жогорку наам. Алгач 1569-ж. Францияда киргизилген. Ал согуш мезгилинде бир нече, көбүнчө союздаш армияларга командалык кылган кол башчыларга, кээде падыша үй-бүлөсүнүн бирине ж-а мамл. ишмерлерге берилүүчү ардактуу наам. Россияда Г. болгон аскер башчылар: А. С. Шеин (1696-ж. Пётр I берген), А. Д. Меньшиков (1727), Антон Ульрих Брауншвейгский (1740), А. В. Суворов (1799). Сов. Союз. Генералиссимусу деген наам берүү ж-дө СССР Жогорку Совети 1945-ж. 26-июнунда Указ чыгарып, 1945-ж. 27-июнда И. В. Сталинге Г. наамы берилген. Дүйнөдө бардыгы болуп Г. наамы же мааниси б-ча ага жакын (мис. түрктөрдө сердарэкрем) наам 70тен ашык адамга ыйгарылган. 20-к-да Г. наамы Ф. Франко (Испания), Чан Кайши (Кытай) 1992-ж. Ким Ир Сен (КЭДР) ж. б-га берилген.