ГЕНЕТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕНЕ́ТИКА ИНЖЕНЕРИЯСЫ, г е н и н ж е н е р и я с ы – мол. генетиканын бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаӊы комбинацияларын алуу. Г. и. 1972-ж. Америкада П. Бергдин лабор-сында биринчи жолу рекомбинациялык ДНК (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган. Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоӊ. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма ген. материалдарды тех. жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. рекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди ж-а рекДНКнын көбөйүшүн ж-а белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат. Көбүнчө ичеги таякчасы ж-а башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда репликацияны (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин транскрипциясын ж-а трансляциясын башкаруучу бөлүктөр бар. Г. и-нын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды.