ГЕНОФОНД: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕНОФО́НД (ген... ж-а фр. fond, лат. fundus – негиздегенден) – кандайдыр бир жыштыкта кездешкени м-н мүнөздөлгөн бир топтогу (популяциядагы, популяция ж-а түр тобундагы) гендердин жыйындысы. Терминди орус биологу А. С. Серебровский 1928-ж. киргизген. Планетанын эӊ бай Г-у нымдуу тропик токойлорунда (Амазонка д-нын алабы ж. б.) орун алган. Анда болжол м-н 50000ден ашык өсүмдүк түрү, о. эле бизге белгилүү болгон жаныбарлардын жарымынан көбү (курт кумурскалардын 80%; приматтардын 90%) катталган. Бирок бул аймактар акыркы жылдары адамзаттын иш-аракетинин негизинде кескин кыскарууга дуушар болууда (к. Табиятты коргоо). Өсүмдүктөр м-н жаныбарлар популяцияларынын Г-ун сактоо – жандуу жаратылышты коргоонун негизги маселелеринин бири. Алардын Г-ун коргоодо ж-а көбөйтүүдө улуттук парктар, биосфералык коруктар, зоопарктар, ботан. бактар, генбанктары ж. б-дын мааниси чоӊ.