ГЕНОЦИД: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕНОЦИ́Д (гр. gtnos – уруу, урук ж-а лат. Caedо – өлтүрөм) – улуттук, этностук, расалык же башка диний топтордун мүчөлөрүн толук же жарым жартылай жок кылууга багытталган кылмыштык аракеттер. Бул аракеттер өлтүрүү, ден соолугуна залал келтирүү, тукум курут кылуу максатында тукум улоосуна зомбулук м-н тоскоолдук кылуу (биол. Г.), балдарды ата-энесинен зордоп ажыратуу, жердеген жеринен күчкө салып көчүрүү, атайылап адам чыдагыс оор шарттарды түзүү ж. б. жолдор м-н жасалышы мүмкүн. Апартеиддин кээ бир актылары Г. болуп эсептелет. Г. эл аралык кылмыш катары таанылган. КРдин жазык мыйзамдарында тынччылыкка, коопсуздукка, адамзатка каршы жасалган кылмыш катары каралат.
К. Эсенканов.