ГЕНТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕНТ , Г а н (нидерландча Gent, фр. Gand) – Бельгиянын батышындагы шаар; Чыгыш Фландрия провинциясынын башкы шаары. Калкы 233,1 миӊ (2006). Брюсселден түн.-батышта, Шельда ж-а Лейе д-нын кошулган жеринде жайгашкан. Түндүк деӊизиндеги Остенде ж-а Тернезен порттору м-н канал аркылуу байланышат. Деӊиз порту (2004-ж. 25 млн т жүк ташылган). Автомобиль ж-а темир жолдор тоому. Алгач 7-к-дан эскерилет. 1794-ж. Франция бийлигинин, 1815-ж. Нидерланд, 1830-жылдан Бельгия королдуктарынын курамына кирген. Готика стилиндеги собор, алтарь, чиркөөлөр, графтардын капкалары, ратуша ж. б. сакталган. Ун-т (анын алдында музейлер), ин-ттар, лапидариум (о. кылымдагы айкелдер топтому), театр ж. б. бар. Орган фестивалы (1946-жылдан), И. С. Бах атн. органчылардын конкурсу (1958-жылдан), эл аралык кинофестиваль (2000-жылдан), Европадагы эл аралык эӊ ири гүлдөр көргөзмөсү (5 жылда бир) өткөрүлүп турат. 2000-ж. үстү жабык стадиондо жеӊил атлетика б-ча Европа чемпионаты болгон. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн. Өнөр жайдын башкы тармактары: металлургия, автомобиль куруу, электр-тех., хим., целлюло-закагаз, о. эле кеме куруу ж-а ремонттоо, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар айланасында көптөгөн гүл өстүрүүчү чарбалар бар.