ГЕНУЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕ́НУЯ (Genova) – Түн. Италиядагы шаар. Генуя булуӊунун жээгинде жайгашкан. Италиядагы ж-а Жер Ортолук деӊиздеги ири порттордун бири (2005-ж. 56,5 млн т жүк ташылган). Швейцария ж-а Түш. Германиянын аванпорту. Генуя провинциясынын ж-а Лигурия обл-нун адм. борбору. Калкы 584,0 миӊ (2018). Өлкөдөгү ири темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Х. Колумб атн. эл аралык аэропорту бар. Шаар спутниктери м-н бирге «Чоӊ Генуя» агломерациясын түзөт. Специя порту м-н паром аркылуу байланышат. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, хим., жеӊил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т (1471), 10дон ашык ил. коомдор, ассоциациялар ж-а ин-ттар, обсерватория, музейлер (а. и. Европадагы эӊ ири Чыгыш иск-во коллекциясы; 1905), ушул шаарда туулган Х. Колумб, Н. Паганини, Ж. Мадзининин үй-музейлери, заманбап иск-во ж-а Палаццо Россо, Бьянко, Реале гал-лары, театрлар (а. и. «Атенео», «Карло Феличе»), консерватория ж. б. бар. Байыртадан лигурилердин тургун жайы. Роман стилиндеги Санта-Мария ди Кастелло чиркөөсү (11-к.), роман-готика стилиндеги собор (11–16-к.), 16–17-к-дын сарайлары, виллалары тектирчедеги парктары м-н шаар дубалдарынын калдыктары, дождор ак сарайы (учурда музей) сакталган. Г-дагы көптөгөн фонтандар ж-а эстеликтер

(Х. Колумб, Ж. Гарибальдинин) шаардын көркүнө көрк кошуп турат. Порт комплексинен батышта өнөр жай зонасы, чыгышта курорттор, түн.-чыгышта 19-к-дын курулуштары жайгашкан; туристтик реакрация зонасы шаардын деӊиз жак жээги м-н фуникулёр аркылуу байланышат. Эл аралык скрипачтар конкурсу («Премио Паганини», 1954-жылдан жыл сайын), калактуу кемелердин ж-а яхтсмендердин эл аралык жарышы (төрт жылда бир), Х. Колумбдун урматына майрамдар өткөрүлүп турат. Чоӊ Генуяга чыгыштан Чинкуэ-Терре табигый коругу (жер ортолук деӊиздик флора ж-а фауна, байыркы жасалма тектирчелердеги жүзүм) туташат, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.