ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОГРАФИЯЛЫК АЛКАКТАР , ф и з и к а л ы к г е о г р а ф и я л ы к а л к а к т а р, т а б и г ы й а л к а к т а р – географиялык кабыктын зона б-ча эӊ ири бөлүнүшү. Негизинен кеӊдик же субкеӊдик б-ча созулат. Ар бир алкакка термиялык шартынын жалпылыгы (негизинен жер бетине түшкөн күн радиациясынын өлчөмүнө байланыштуу), аба массаларынын циркуляциясынын ж-а зат айлануусунун жалпы өзгөчөлүктөрү, геоморфол., биохим. ж. б. процесстеринин бөтөнчөлүгү, өсүмдүк вегетациясынын белгилүү бир ритмикасы ж. б. мүнөздүү. Климаттык факторлорго (негизинен мезгилден мезгилге карата жылуулук м-н нымдын айырмасы) ж-а океандан материктин ичин карай алыстыгына карата Г. а. секторлорго (океан жээктик, ички материктик ж-а алардын арасындагы өтмө) ж-а физикалык географиялык зоналарга бөлүнөт; ал эми тоолуу аймактарга бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Г. а. рельефтин же океандык агымдардын таасиринен кеӊейет же кууштап кетиши мүмкүн. Кургактыкта адатта экватордон уюлдарды карай экватордук алкакка, экиден (Түн. ж-а Түш. жарым шарларда) – субэкватордук, тропиктик, субтропиктик, мелүүн алкактарга бөлүнөт; Түн. жарым шардын жогорку кеӊдиктеринде субарктикалык ж-а арктикалык, Түш. жарым шарда – субантарктикалык ж-а антарктикалык алкактар жайгашкан. Г. а. Дүйнөлүк океандарда да байкалат, бирок алар көбүнчө бир түрдүүлүгү м-н айырмаланат.