ВЕРСАЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1919): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕРС́АЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1919) – биринчи дүйнөлүк согушту (1914–18) жыйынтыктаган, 1919-ж. 28-июнда Версалда (Франция) кол коюлган келишим. Келишимдин шарттары Париж тынчтык конференциясында (1919–20) иштелип чыккан. В. т. к. согушта жеӊген Антанта өлкөлөрү (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Бельгия, Боливия, Бразилия, Куба, Эквадор, Грекия, Гватемала, Гаити, Хижаз, Гондурас, Либерия, Никарагуа, Панама, Перу, Польша, Португалия, Румыния, Сербия-Хорват-Словен мамлекети, Сиам, Чехословакия, Уругвай) ж-а согушта жеӊилген Германия ортосунда түзүлгөн. 1920-ж. 10-январдан күчүнө кирген. АКШ, Хижаз ж-а Эквадор келишимди ратификациялоодон баш тарткан. Келишимге ылайык, Германия Францияга Эльзас м-н Лотарингияны (1870-жылдагы чек арасына ылайык) кайтарып берген, Бельгияга Эйпен ж-а Мальмеди округдары ж-а Морена аймагы, Польшага Познань, Батыш Пруссиянын бир бөлүгү, Померания, Жогорку Силезия кайтарылган. Германия о. эле Данциг (кийин ал эркин шаар статусун алган) ж-а Мемель портторунан (1923-ж. Литвага берилип, аты Клайпеда болуп өзгөртүлгөн) баш тарткан, алар Антантанын көзөмөлүнө өткөн. Саар көмүр бассейндери 15 жылга Улуттар Лигасынын башкаруусуна берилген, андан соӊ Саардын калкына плебисцит жолу м-н кайсы мамлекетке кире тургандыгын өзү аныктоо укугу берилген. Натыйжада Германия аймагынын 1\8 бөлүгүнөн айрылган, 6,5 млн немец эли Германиянын аймагынан тышкары калган. Мындан сырткары бардык колонияларынан кол жууган, о. эле Австриянын, Чехословакиянын, Польшанын ж-а Россиянын аймагында түзүлгөн бардык мамлекеттердин көз каранды эместигин таанууга милдеттенген. Германиянын армиясынын саны 100 миӊ жоокер ж-а 4 миӊ офицерден ашпоосу белгиленген. Генералдык штаб, жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүк жоюлган, аскер-деӊиз флоту 35 гана кеме м-н чектелген, суу астында жүрүүчү кемелерди, танктарды, оор артиллерияны ж-а авиацияны курууга тыюу салынган. Рейн д-нын сол жээгине 50 чакырым тилке демилитаризацияланган. Германия репарация төлөп берүүгө (анын өлчөмү кийин такталып, 132 млрд алтын марканы түзгөн) милдеттендирилген. Версаль системасы Вашингтон конференциясынын (1921–22) чечимдери м-н толукталган (к. Версаль-Вашингтон системасы). Келишимдин шарттары немецтер тарабынан улуттук кемсинтүү катары кабыл алынган. 1933-ж. фашисттер бийликке келишкенден кийин А. Гитлер В. т. к-нин чечимдерин аткаруудан баш тарткан. Германиянын Австрияны (1938), Чехословакияны (1938–39), Клайпеданы (1939) басып алышы ж-а 1939-ж. Польшага (1-сентябрь 1939-ж.) кол салышы м-н В. т. к. күчүн толук жоготкон. Ад.: Хрестоматия по новейшей истории. Т. 1. 1917–39; Документы и материалы. М., 1960; История дипломатии. 2 изд., Т. 3. М., 1965.