ГЕОГРАФИЯЛЫК АТЛАС: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОГРАФИЯЛЫК А́ТЛАС – жалпы программа б-ча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган геогр. карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-к.) геогр. карталар жыйнагы кийинки Г. а-тардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда б-ча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-ж. картограф Меркатор колдонгон. 16-к-дын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деӊиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584–85) белгилүү. 17-к-да атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-ж. С. Ремезов 1-орус геогр. атласы – «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-к-да атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин ИАларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-к-да тематикалык атластар пайда боло баштайт. Г. а-тын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата – дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн ж-а облустардын атластары; мазмуну б-ча – жалпы геогр. карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мис., климаттык, геол., Дүйнөлүк океандын); көптөгөн өз ара байланышкан кубулуштардын (мис., Дүйнөлүк океандын климаты м-н океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай – ил.-маалымат наама, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен сов. атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физ.- геогр. атласы (1964); Деӊиз атласы (4 томдук, 1950–63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966–69) ж. б. Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экон. атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, мад-тын, табиятын чагылдырган ж-а тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960–63), эл аралык дүйнө атласы (2003) м-н мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары ил. практикалык ж-а жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кырг-ндын алгачкы атласы 1987-ж. жарык көргөн.
Ад.: Салищев К. А. Географические атласы //Итоги науки. Картография. В 1–3; М., 1966; Цветников М. А. Лесные карты и методика их составления. М.; Л., 1950; Эдельштейн А. В. Как создаётся карта. М., 1978; Атлас Киргизской ССР. Т. 1. М., 1987; Атлас Мира. М., 2003.