ГЕОГРАФИЯЛЫК КАРТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОГРАФИЯЛЫК КАРТАЛАР – жер бетинин кичирейтилип, жалпыланып, матем. жактан

аныкталып тегиздикке түшүрүлгөн сүрөттөлүшү. Картада (максатына карата) тандалган ж-а мүнөздөлгөн табигый ж-а коомдук кубулуштар өз ара байланышта жайгаштырылат. Г. к-га атайын картографиялык проекцияларды пайдалануу, көрүнүштөрдү белгилөө системасы – картографиялык белгилер (символдор) аркылуу сүрөттөө, картага түшүрүлүүчү кубулуштарды тандоо ж-а жалпылоо (картографиялык генерализация) мүнөздүү. Г. к-дын биринчи өзгөчөлүгү – картографиялык проекциялардын негизинде жердеги объектилердин абалы, пландагы өлчөмү ж-а формасы ж-дө туура маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүүчү картаны түзүү. Экинчи өзгөчөлүгү картанын бөтөнчө тили катары картографиялык белгилерди пайдаланып: а) бүткүл жер бетин же анын бир бөлүгүн каалагандай кичирейтип, бирок керектүү объектини көрсөтүүгө; б) картада жер бетинин рельефинин ар түрдүүлүгүн туюндурууга; в) картага нерселердин сырткы көрүнүшүн тартуу м-н гана чектелбей, алардын ички мазмунун да баяндоого; г) көрүнүп-туюлбаган кубулуштарды да (мис., жер астындагы суулардын же кендердин жайгашуусу, магниттик күчтөрдүн багыты ж. б.) так сүрөттөп көрсөтүүгө; д) айрым объектилерге мүнөздүү майда, анча маанилүү эмес көрүнүштөрдү таштап, картага көбүнчө олуттуу, жалпы түрдөгү кубулуштарды түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Үчүнчү, негизги өзгөчөлүгү картага түшүрүлүүчү материалдарды тандоо ж-а жалпылоо, б. а. картографиялык генерализация жасоо. Табигый ресурстарды туура пайдаланууда, өндүргүч күчтөрдү рационалдуу жайгаштырууда, түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда, өткөн же азыркы табигый же коомдук окуяларды, кубулуштарды талдоодо, алардын закон ченемин табууда атайын ж-а так карталардын жардамы чоӊ.
Г. к. ж а л п ы г е о г р а ф и я л ы к ж-а т е м а т и к а л ы к болуп бөлүнөт. Тематикалык карталарда (мис., геол., климаттык) айрым элементтер гана толук көрсөтүлүп, жалпы геогр. картага кирүүчү калган элементтер көрс өтүлбөйт. Алар өзүнчө экиге бөлүнөт: а) табигый кубулуштардын (физ.-геогр.) карталары; б) коомдук кубулуштардын (социалдык-экон.) карталары. Булардын ичинен атайын карталарды (мис., деӊиз жолдорунун, туристтик, долбоорлоо, учкучтар картасы ж. б.) ажыратуу керек. Аймактык белгиси жагынан Г. к. – дүйнөлүк, материктик, мамл., океандык, деӊиздик ж. б. карталарга бөлүнөт. Тематикалык өзгөчөлүктөрүнө карата Г. к. жекече же тармактык (темп-ра картасы) ж-а жалпы карталар (кубулуштарды толук мүнөздөөчү), же болбосо көп тармактуу мүнөздөгү комплекстүү карталар деп аталат. Г. к. масштабы б-ча кичине (1:1 000 000дон кичине), орто (1:200 000ден 1:500 000ге чейин) ж-а ири (1:100 000 ж-а андан чоӊ) масштабдуу деп бөлүнөт. Мындан тышкары маалымат берүүчү карта, окуу картасы, туристтик Г. к-лар болот. Г. к-дын сапаты алардын толуктугуна, тактыгына ж-а пайдаланылган маалыматтардын жаӊылыгына, о. эле карталардын прогрессчил ил. принциптерге, идеяларга негизделишине байланыштуу. Байыркы доордон тартып азыркы абалына чейин картографиянын өсүп-өнүгүшүнө коомдун, илимдин, техниканын өркүндөшү, картага болгон социалдык талап чоӊ таасир этти. Илимдин, техниканын жетишкендиктери (аэрофотосъёмка, космостук апараттарды пайдалануу ж. б.) карта түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүдө.
Ад.: Шапошникова Л. А. Изображение леса на картах. М., 1957; Принципы и методы геоботанического картографирования. М.; Л., 1962; Салищев К. А. Картография. М., 1971; Мишина А. М. Космические методы в геодезии. М., 1983; Верещака А. В. Топографические карты. Научные основы содержания. М. 2002; Атлас Мира. М., 2003; Иллюстрированный атлас Мира. М., 2003. Берлент А. М. Картография. М., 2005.