ГЕОДЕЗИЯЛЫК ПУНКТ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОДЕЗИЯЛЫК ПУНКТ – жер бетиндеги алган орду геод. ченөөлөр м-н координаталардын ж-а бийиктиктин тигил же бул системасында анык

талган чекит. Г. п-тун координаталары көбүнчө триангуляция ыкмасы м-н аныкталат. Бул учурда Г. п. Триангуляция же тригонометриялык пункт деп аталат. Эгер Г. п. полигонометрия ыкмасы м-н аныкталса, ал полигонометрия пункту деп аталат. Г. п-тун бийиктиги нивелирлөө ыкмасы м-н аныкталат. Триангуляция, полигонометрия ж-а нивелирлөө пункттары белгилүү бир тереӊдикке темир-бетондон курулуп, жер бетине атайын белгилер коюлат (к. Геодезиялык белгилер). Өз ара байланышкан Г. п. геодезиялык тармакты түзөт. Ал жер бетинде жүргүзүлүүчү топографиялык изилдөөлөрдүн, ар түрдүү инж. жумуштар м-н эл чарбасындагы геод. ченөөлөрдүн негизи болот.