ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК – жер бетинде атайы геодезиялык белгилер түрүндө орнотулган чекиттердин (пункттардын) системасы. Геодезиялык пункттардын геогр. өз ара жайгашуу абалы план ж-а бийиктик б-ча геод. ченөөлөрдүн натыйжасында аныкталып, өтө керек маалыматтар катары дайыма такталып турат. Тактоодо Жердин жасалма спутниктеринен жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары да пайдаланылат. Г. т. топографиялык карталарды түзүүдө алардын негизи ж-а белгилүү бир жерге дал байланыштыруу муктаждыгындагы инж. изилдөө ж-а курулуш тургузуу жумуштарынын башкы таяныч пункттары болуп эсептелет.