ГЕОДИНАМИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОДИНА́МИКА (гео... ж-а гр. dynamis – күч) – Жер кыртышындагы, мантиясындагы ж-а ядросундагы (массанын тереӊдиктеги ж-а үстүӊкү кыймылын пайда кылуучу) процесстерди ж-а күчтөрдү изилдеген илим; геологиянын бир тармагы. Г. – эндогендик процесстерди (жер түпкүрүндөгү геол. процесстер) ж-а экзогендик процесстерди (жердин үстүнкү катмарындагы геол кубулуштарды) иликтейт. Г-лык изилдөөдө магнитометриялык, сейсмометриялык, гравиметриялык ж. б. маалыматтар, о. эле геол. моделдештирүү, геохимиялык мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Г-лык изилдөөлөрдүн негизин литосфера плиталарынын тектоникасы түзөт. Сызыксыз Г. жер түпкүрүндө болуучу мезгилсиз, баш аламан ж. б. импульстук процесстерге байланыштуу, о. эле күтүүсүз факторлордун (кометалардын кыймылы, метеориттердин түшүүсү ж. б.) таасиринен пайда болгон процесстерди ж-а кубулуштарды да изилдейт.
Ад.: Добрецов Н. Л., Кирдяшкин А. Г., Кирдяшкин А. А. Глубинная геодинамика. 2-е изд. Новосиб. 2001; Хаин В. Е., Ломизе М. Г. Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005.