ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР – жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геол. түзүлүшү чагылдырылып, кагаз бетине түшүрүлүшү. Г. к. геологиялык съёмка жүргүзүүнүн ж-а геол. изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Г. к-да түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боёк, сызыкча, тамга, сан ж. б.) м-н тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, курамы, жашы, кен байлыктар

Дөбөнүн жалпы көрүнүшү (а) ж-а анын топографиялык картада чагылдыры-лышы (б); дөбөнүн жалпы көрүнүшү ж-а аны түзгөн кумдук, акиташ тектүү катмарлары (в); алардын геологиялык картага түшүрүлүшү (г).

ж. б. көрсөтүлөт. Г. к-дын жанына геологиялык кесилиш, стратиграфиялык колонка, шарттуу белгилер ж-а алардын түшүндүрмөлөрү берилет. Г. к. мазмунуна карай накта Г. к. ж-а антропогендик (төртүнчүлүк) чөкмөлөрдүн, тектон., литология-фациялык, палеогеографиялык, гидрогеологиялык, инж.-геол. карталар,

Картага түшүрүлүшү (б).
о. эле кен байлыктарды, кендерди божомолдоочу ж-а геохим. карталар деп, ал эми масштабы б-ча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500000), орто масштабдуу (1:100000, 1:200 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) ж-а дыкат (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Г. к- б-ча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөрчүшү, андагы кен байлыктардын таралуу закон ченеми ж-дө маалыматтар алынат. Ал маалыматтар геол. издөө-чалгындоо жумуштарын долбоорлоого, калкты суу м-н камсыз кылууга, инж. Геология ж-а мелиорация б-ча изилдөө ж-а курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болот. Көпчүлүк Г. к. жеринде геологиялык карта түзүү иштеринин натыйжасында ж-а атайы жобонун (инструкциянын) негизинде жасалат. Картага адатта шарттуу белгилер (легенда) ж-а түшүндүрүү тексти м-н кошо тоо тектердин пайда болушунун ыраатуулугу көрсөтүлгөн стратиграфиялык колонка, о. эле тоо тек катмарларынын, кенташ тулкуларынын, тектон. жаракалардын жайгашуу абалдары, калыӊдыгы, курамы ж. б. чагылдырылган геол. кесилиш берилет.
Ад.: Михайлов А. Е. Структурная геология и геологическое картирование. 4-е изд. М., 1984; Структурная геология. М., 1986; Создание Госгеолкарты – 200 с применением компьютерных технологий. М., 1999.