ГЕОМАГНЕТИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОМАГНЕТИ́ЗМ, ж е р м а г н е т и з м и – геофизиканын Жердин магнит талаасынын мейкиндикте таралышын ж-а мезгилге карай өзгөрүшүн, о. эле Жердеги ж-а анын магнит сферасындагы геофиз. процесстерди изилдөөчү тармагы. Жердин магнит талаасы мейкиндиктин ар бир чекитинде багыты ж-а чоӊдугу х, у, z үч түзүүчүсү болгон Т чыӊалыш вектору же жер магнетизминин үч элементи горизонталь түзүүчүсү Н, магниттик эӊкейиши Д (горизонталь түзүүчү м-н геогр. меридиандын ортосундагы бурч) ж-а магниттик кыйшаюу J (вектор м-н горизонталь тегиздиктин арасындагы бурч) аркылуу мүнөздөлөт.