ГЕОМЕТРИЯЛЫК ОПТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОМЕТРИЯЛЫК О́ПТИКА – оптиканын бир бөлүмү. Тунук чөйрөдө жарык геом. түз сызык б-ча таралат деген түшүнүктүн негизинде жарыктын таралуу закондорун изилдейт. Г. о. закондору оптикалык системалардын жөнөкөйлө- түлгөн, бирок көпчүлүк учурда жетишерлик так теориясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Оптикалык сүрөттөлүштүн пайда болушун түшүндүрөт, оптикалык системалардын абберациясын эсептөөгө ж-а оптикалык система аркылуу өткөн жарык нурунун энергиялык катышын чыгарууга жардам көрсөтөт. Жарык нурларынын бири бирине көз каранды болбой таралышы ж-дөгү көз караштар байыркы илимде эле пайда болгон. Байыркы грек окумуштуусу Евклид жарыктын түз таралуу ж-а күзгүлүү чагылуу законун негиздеген. Кээ бир оптикалык куралдар (көрүү түтүгү, телескоп, микроскоп ж. б.) 17-к-да ойлонуп табылгандан кийин, Г. о. тез өнүккөн. Голл. математик В. Снелл ж-а фр. окумуштуу Р. Декарт тарабынан жарыктын чагылуу ж-а сынуу закондору тажрыйба жүзүндө аныкталган. 18-к-дан баштап оптикалык системаларды эсептөө ыкмалары жакшыртылып, Г. о. колдонмо илим катары өнүккөн. Г. о. закондору Ааламды изилдөөдө, а. ч-нда, медицинада ж. б. ил. изилдөөлөрдө кеӊири колдонулат.