ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ – рельефтин жер бетинин тилмеленүү ж-а түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950-ж. амер. окумуштуу У. М. Дейвис сунуштаган. Г. ц. рельефтин өнүгүү стадияларынан турат. Ал тоолордун көтөрүлүүсүнөн баштап, толук талкаланышына чейинки мезгилди («жаш», «жетилген», «байыркы») камтыйт. Г. ц. Пенеплен түшүнүгү м-н тыгыз байланышта; мис., азыркы накта пенеплен – Казак Сары-Аркасы. Рельефтин жаш мезгили Жердин ички күчтөрүнүн таасири астында түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн башталат. Көтөрүлүү учурунда пенеплен бузулуп, дарыя өрөөндөрү тереӊдеп, тектирлерди пайда кылат. Тоо системасы толук көтөрүлүп, калыптангандан кийин, сырткы – климаттык ж-а гравитациялык күчтөрдүн таасиринен кайра талкаланууга дуушар болот. Талкалануу продуктулары ойдуӊдарга топтолот же тоо системасынан сыртка шиленип кетет; натыйжада рельефтин бузулуу стадиясы («картаӊ рельеф») башталат; ага мисал – Урал тоолору. Тоо системаларынын талкалануусу ж-а шилениши жаӊы пенеплен түзүлгөнгө чейин созулат. Г. ц. пенеплендешүүдөн башталып, жаӊы пенеплен м-н бүтөт. Г. ц-дин орто узактыгы – ондогон млн жыл. Теӊир Тоодо Г. ц. бир нече жолу болуп өткөн. Кырка тоолордо байыркы (палеозойдо ж-а мезозойдо пайда болгон) пенеплендердин калдыктары этек тоо, супа тоо сымал түрдүү бийиктиктерде кездешет. Ал эми ойдуӊдарда байыркы пенеплен тереӊ (5–6 кмге) чөгүп, үстүн талкаланды тектер жаап калган.
Ад.: Дэвис В. М. Геоморфологические очерки. М., 1962; Ананьев Г. С., Леонтьев О. К. Геоморфология
материков и океанов. М., 1987; Щукин И. С. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. С. Ахмедов.