ГЕОПАТОГЕНДҮҮ ЗОНАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОПАТОГЕНДҮҮ ЗОНАЛАР – тирүү организмдердин, а. и. адамзаттын тиричилиги үчүн ыӊгайсыз жерлер. Г. з-ды аныктоо акыркы жылдары гана жандана баштады. Бирок, айрым маалыматтар б-ча байыркы адамдар курулуш иштери үчүн жерлерди кылдаттык м-н алдын ала изилдешкен. Азыркы кезде Г. з-дын пайда болушу реалдуу геофиз. кубулуштарга (геомагниттик талаа, радиациянын деӊгээлинин жогорулашы ж. б.) байланыштуу. Алар адатта асты көӊдөй, тереӊдиктеги жаракалар өткөн ж-а жер астындагы суулар аккан жерлерде, сайларда пайда болот. Алардын натыйжалары имараттардын деформацияланышынан ж-а урашынан, чөгүшү- нөн, жолдордун ж-а коммуникациялардын локалдык деӊгээлде бузулушунан адамдар м-н жаныбарлар үчүн туруктуу патологиялык очоктордун түзүлүшүнөн ж. б. жагдайлардан байкалат. Г. з-дагы нурлануудан адамда нерв түйүндөрү- нүн бузулушу, инсульт, инфаркт, онкологиялык ж. б. оорулардын пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан Г. з. байкалган жерлерде курулуш иштерин жүргүзүү алдында биолокация б-ча адистерге кайрылуу зарыл.
Б. Үсөнканов.