ГЕОСИНКЛИНАЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕОСИНКЛИНА́ЛЬ (гео... ж-а синклиналь) – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектониканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Г-дын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын тереӊ катмарлары м-н үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө ж-а тектон. тереӊ жаракаларга тыгыз байланыштуу. Г-дын узуну жүздөгөн км, эни андан куушураак келип, адатта тектон. ири тереӊ жаракалар м-н чектелет. Г-да чөкмө тоо тектердин калыӊ (15–25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм ж-а метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече Г-дык циклден турган, байыркы платформалар м-н чектеш жер кыртышынын Г-дуу ири бөлүгү – Г. к ы р ч о о с у жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер Ортолук деӊиздик, Урал-Монгол-Охота, Атлантика, Арктика) Г. кырчоосу бар. Структуралык планы ж-а негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы м-н айырмаланып турган Г-дуу жерлерде Г-дык а й м а к (облус) бөлүнөт. Г-дык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Г-дык с и с т е м а, тынчыраак абалдагысы о р т о н к у м а с с и в деп аталат. «Г.» терминин алгачкы жолу (1873) амер. геолог. Ж. Дана киргизген, бирок анын ил. түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Фр. геолог Э. Ог (1900) Г-ды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Г-дын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немис геологу Э. Краус белгилеген. Амер. геолог Ч. Шухерт Г-дардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы ж-дөгү идеяны айткан. Немис геологу Х. Штилле Г-дардын өнүгүшү м-н магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Г-дарды эвгеосинклиналь м-н миогеосинклиналга ажыраткан. 20-к-дын 30-жылдарынан Г-ды изилдөөгө сов. геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг ж-а К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) Г-дын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938–40) Кавказ тоолорун изилдөөдөн Г-дын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теӊир-Тоо, Урал ж. б. Г-дуу аймактарды изилдеп, Г-дардын пайда болушуна ж-а эволюциясында негизги роль ойногон тектон. тepeӊ жаракалар ж-дөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) Г-дык ж-а платформалык аймактар Жер мантиясынын тереӊ бөлүктөрүнүн түзүлүшү ж-а алардын физ. Абалы м-н тыгыз байланыштуу экенин аныктап, Г-дарды өнүгүү тарыхы м-н өзгөчөлөнгөн Г-дык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов м-н В. Е. Хаин Г-дык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Г-дын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде Г-га байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда aмep. геологдop Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Г-ды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Г. ж-дөгү окууга (Г. теориясына) айланды. Бул окуу – жер кыртышынын эволюциясы ж-дөгү илимдин негизи.
Ад.: Хаин В. Е., Шейманн Ю. М. Сто лет учения о геосинклиналях//Советская геология. 1960, ¹ 4; Пейве А. В. и др. Океаны и геосинклинальный процесс//Докл. АН СССР. Т. 196, 1971, ¹ 3; Дьюи Дж., Берд Дж. Тектоника плит и геосинклинали// Новая глобальная тектоника. М., 1974. Хомузури Г. П. Развитие понятия «геосинклиналь». М., 1976.