ГЕОФИЗИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОФИ́ЗИКА (гео… ж-а физика) – Жердин ички түзүлүшүн, физ. касиеттерин ж-а жер катмарларында (атмосфера, гидросфера, литосфера ж. б.) болуучу физ. кубулуштарды изилдөөчү илимдер комплекси. Г-нын негизги тармактары кийинки төрт кылымда оош-кыйыш ж-а өз ара байланышсыз өнүгүп келген. Г. геология, геодезия, география, геохимия, физика ж-а астрономия сыяктуу илимдер м-н тыгыз байланышта. Г. Жердин тереӊ катмарларын, о. эле геология м-н бирге Жердин пайда болуу ж-а өнүгүү тарыхын да изилдейт. Г-га жалпысынан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт; 1) Жердин физикасы – жер түпкүрүндөгү ж-а кыртышындагы физ. процесстерди, түзүлүшүн, о. эле азыркы мезгилдеги кыймылдардын өнүгүүсүн изилдеген илим. Изилдөөнүн негизинде – сейсмология, гравитация, геомагнетизм, геодинамика, метеорология ж. б. тармактарды камтыйт. 2) Гидрофизика – океан ж-а кургактыктагы сууларда (гидросферада) болуучу физ. процесстерди изилдейт; о к е а н ф и з и к а с ы – суулардын акустикасы, оптикасы, радиоактивлүүлүгү, толкуну ташкындоочу, көтөрүлүүсү, агым динамикасы тууралуу илим; к у р г а к т ы к т а г ы с у у н у н ф и з и к а с ы – жер астындагы ж-а кыртыштагы суулардын динамикасын, дарыяда ж. б. болуучу кубулуштарды изилдейт; атмосфера динамикасы – атм. абанын кыймыл процессин иликтейт, о. эле атм-нын статикасын ж-а кинематикасын камтыйт. Кийинки кезде жер кыртышын, анын түзүлүшүн ж-а кенди изилдөөчү чалгындоо Г-сы, өндүрүштүк Г. өнүгүүдө. Азыр Г-лык изилдөөлөр дүйнө жүзүндө бир системада жүргүзүлөт. Буга Эл аралык геофизика жылы чоӊ көмөк берет. Азыркы учурда Г. илими табият кубулуштарын, айрыкча аба ырайын маалымдоо, табигый процесстерди пайдалануу, жер кыртышындагы кендерди өздөштүрүү сыяктуу маанилүү маселелер м-н байланышта өнүгүүдө.
Ад.: Магницкий В. А. Внутреннее строение и физика Земли. М., 1965; Проблемы геофизики Средней Азии и Казахстана. М., 1964; Беручашвили Н. Л. Геофизика ландшафта. М., 1990.