ГЕРАСИМОВ Сергей Аполлинариевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРА́СИМОВ Сергей Аполлинариевич [21. 5 (3.6). 1906, Челябинский обл., Чебаркөл р-ну, Кундравы кыш. – 28. 11. 1985, Москва] – кинорежиссёр, актёр, кинодраматург, кино теоретиги, СССР эл арт. (1948), СССР мамл. сыйл. (1941, 1949, 1951, 1971), Лениндик сыйл. (1984) лауреаты, иск-во таануу илимд. доктору (1967), Соц. Эмг. Баатыры (1974). ВГИКте проф. (1946-жылдан). Ленинград сахна иск-восу

С. А. Герасимов. «Мугалим» фильминен кадр.

ин-тун бүтүргөн (1928). 1924-жылдан киного тартылган. Кийин кинорежиссёрлукка өтүп, 1930-жылдары «Жети баатыр» (1936), «Комсомольск» (1938), «Окутуучу» (1939) фильмдерин тарткан. Бул фильмдерде жаштардын ички дүйнөсү көркөм изилденген. 1941-ж. «Маскарад» (М. Ю. Лермонтовдун драмасы б-ча) фильмин койгон. Улуу Ата мекендик согуш учурунда (1941–45) СССР Кинематография к-тинин согуш хроникасы башкармасынын орун басары ж-а Борб. документалдуу фильмдер студиясынын директору болгон. «Жеӊилбестер» (1943), «Улуу жер» (1944), «Жаш гвардия» (1948), «Тынч Дон» (1957–58), «Журналист» (1967), «Көл жээгинде» (1970), «Кыздар-энелер» (1975), А. Толстойдун «Пётр Биринчи» романы б-ча экилтик, («Пётрдун жаш чагы» ж-а «Даӊктуу иштин башталышы», 1981), «Лев Толстой» (1984) ж. б. фильмдерди тарткан. Режиссёрдук, актёрдук ж-а сценарийчилик ишмердигин пед. иш м-н айкалыштырган. Анын шакирттеринин арасында С. Бондарчук, Л. Кулижанов, И. Макарова, Н. Мордюкова, Н. Рыбников, Л. Гурченко, З. Кириенко ж. б. болушкан. Эки Ленин ордени, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Волянская Н. На уроках режиссуры С. А. Герасимова. М., 1965.