ГЕОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
21 сап: 21 сап:
  Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык Г. союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Г-лык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк ж-а региондук деӊгээлдеги мааниси бар Г. уюмдары: Орус Г-лык коому, РФ ИАнын Г. ин-ту, КМШ ИАларынын Г. ин-ттары, бөлүмдөрү, ун-ттердин геогр. ф-ттери, Улуу Британия королдугунун Г. коому, Канаданын королдук Г. коому, АКШ Улуттук Г. коому, Париж Г. коому ж. б.
  Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык Г. союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Г-лык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк ж-а региондук деӊгээлдеги мааниси бар Г. уюмдары: Орус Г-лык коому, РФ ИАнын Г. ин-ту, КМШ ИАларынын Г. ин-ттары, бөлүмдөрү, ун-ттердин геогр. ф-ттери, Улуу Британия королдугунун Г. коому, Канаданын королдук Г. коому, АКШ Улуттук Г. коому, Париж Г. коому ж. б.
== Г-нын Кыргызстанда өнүгүшү.==
== Г-нын Кыргызстанда өнүгүшү.==
О. Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чыгыш элдери б. з. башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. Тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. О. кылымдарда Кырг-ндын жалпы аймагы ж-а анын айрым табигый бөлүктөрү (мис., Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында геогр. маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. ''Риттер'' (1832, 1859) ж-а Л. ''Гумбольдт'' (1843) Теӊир-Тоо м-н Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борб. Азиянын Г-сы б-ча биринчи жалпыланган ил. концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура ил. Г-сы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын ил. экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кырг-н аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү ж-а жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кырг-ндын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары ж-дөгү азыркы ил. түшүнүктөргө негиз салды. 19-к-дын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геол., зоологиялык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө м-н таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү ж-дө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
О. Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чыгыш элдери б. з. башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. Тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. О. кылымдарда Кырг-ндын жалпы аймагы ж-а анын айрым табигый бөлүктөрү (мис., Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында геогр. маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. ''Риттер'' (1832, 1859) ж-а Л. ''Гумбольдт'' (1843) Теӊир-Тоо м-н Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борб. Азиянын Г-сы б-ча биринчи жалпыланган ил. концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура ил. Г-сы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын ил. экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кырг-н аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү ж-а жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кырг-ндын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары ж-дөгү азыркы ил. түшүнүктөргө негиз салды. 19-к-дын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геол., зоологиялык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө м-н таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү ж-дө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
<br/>Кырг-ндын Г-сын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, амер. В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) ж-а жерг. саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь соц. рев-ясынан кийии Г-лык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу ж-а өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кырг-нда бир да ил. мекеме болгон эмес, жогорку билимд үү адистер жокко эсе эле. Азыр респ-да атайын
<br/>Кырг-ндын Г-сын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, амер. В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) ж-а жерг. саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь соц. рев-ясынан кийии Г-лык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу ж-а өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кырг-нда бир да ил. мекеме болгон эмес, жогорку билимд үү адистер жокко эсе эле. Азыр респ-да атайын
<br/>Г-лык (КР ИАнын геогр. бөлүмү, Бийик тоолуу Теӊир-Тоо физ. геогр. станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад ун-ттеринин Г. багыттагы ф-ттери, Борб. Азия Жер изилдөө ин-ту ж. б.) ж-а геогр. багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) ил., өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Г-га чектеш илимдер изилдейт. Кырг-н Г-лык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин респ-нын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР ИАнын ж-а О. Азия ун-тинин экспедициялары Кырг-ндын Г-сына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Геогр. ин-ту негиздеген Физ. геогр. станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын ил. мекеме болуп калды.
<br/>Г-лык (КР ИАнын геогр. бөлүмү, Бийик тоолуу Теӊир-Тоо физ. геогр. станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад ун-ттеринин Г. багыттагы ф-ттери, Борб. Азия Жер изилдөө ин-ту ж. б.) ж-а геогр. багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) ил., өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Г-га чектеш илимдер изилдейт. Кырг-н Г-лык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин респ-нын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР ИАнын ж-а О. Азия ун-тинин экспедициялары Кырг-ндын Г-сына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Геогр. ин-ту негиздеген Физ. геогр. станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын ил. мекеме болуп калды.
38 сап: 38 сап:
<br/>''С. Аламанов.''
<br/>''С. Аламанов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:52, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕОГРА́ФИЯ (гео... ж-а ...графия) – табият ж-а коомдук илимдердин табигый ж-а өндүрүштүк аймактык комплекстерди, алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Г-нын ил. изилдөөлөрү табигый чөйрөнүн, анын компоненттеринин өнүгүсүнүн ж-а өзгөрүшүнүн аймактык ж-а мезгилдик закон ченемдүлүктөрүн аныктоого багытталып, практикалык сунуштары табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу ж-а адам жашоосу үчүн оӊтойлуу чөйрө түзүү максатын көздөйт.

Г-ЛЫК ИЛИМДЕРДИН СИСТЕМАСЫ Ж-А ЧЕКТЕШ ИЛИМДЕР М-Н БАЙЛАНЫШЫ.

Г. илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү ж-а тармактарга ажыроо процессинде пайда болгон.


Анын башкы тармактары: а) табигый же физ. геогр. илимдер (физ. география, жалпы жер таануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак географиясы ж-а биогеография); б) коомдук геогр. илимдер (жалпы ж-а региондук экон. Г., өнөр жай, а. ч., транспорт, калк географиясы, саясий Г. ж. б.); в) картография ж-а геодезия. Ар бир геогр. илим экспедициялык ж-а стационардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, геогр. Илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, биология сыяктуу илимдердин ыкмаларын ж-а маалыматтарын пайдаланат. Экон. Г. болсо физ. Г. ж-а саясий экономия, демография, социология, өнөр жай ж-а а. ч. экономикасы ж. б. коомдук илимдер м-н тыгыз байланышта. Табигый шарттар м-н ресурстарды толук ж-а сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрд үн өсүшү ж-а өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирү ж-а кайра куруу жаатында ил. негиздерди иштеп чыгуу – Г-нын милдети.

Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары


(маанилүү геогр. саякаттар ж-а ачылыштар ж-дө к. Географиялык ачылыштар макаласынан). Г. – эзелки илимдерден. Алгачкы геогр. маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Геогр. кубулуштарды ж-а процесстерди табигый-ил. көз карашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деӊгээлинде түшүндүрүү б. з. ч. 6-к-да башталып, илимде 2 геогр. багыт – жалпы жер таануу же физ. география (негиздөөчү Аристотель) ж-а өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги ж-а анын бети 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү ж-дөгү ойлор пайда болгон. Б. з. ч. 3–2-к-да матем. Г. негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы Г. Страбон м-н Птолемейдин эмгектеринде (б. з. 1–2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкө таануу багытын өөрчүтсө, Птолемей Г-нын милдети карта түзүү деп санаган.
Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халифаты, О. Азия, Иран) Европага караганда Г. илиминин өнүгүшү жогорку деӊгээлге көтөрүлүп калган: ар түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар ж-дө көп сандаган эмгектер жазылган; матем. Г. өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин Г. илим билимдин алдыӊкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-к-дын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Геогр. ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу ж-а формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деӊиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы ж. б. аныкталып, бирок материктердин табияты али толук изилденген эмес. Геогр. улуу ачылыштардын ил. корутундулары голл. географ Б. Варениустун (1650) «География генералис…» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атм-ра) өзгөчөлүктөрүн көрсө- түп, ал Г. «жер-суу шары» ж-дөгү илим деген жыйынтыкка келет.
17-к-дын 2-жарымы – 18-к-дын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулуштардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүгө көп көӊүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экон. Г. алгачкы кадамдарын жасайт. 18-к-дын 2-жарымында атайын табигый- ил. экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири м-н болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. 19-к-да Г-нын өсүшүнө, анын ил. милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт м-н К. Риттер чоӊ салым кошкон. Жердин табияты ж-дөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845–62) Жер кубулуштарынын жалпы закон ченемдүүлүктөрүн ж-а ички байланыштарын изилдөө физ. Г-нын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири м-н салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт Г-ны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган.
Г. өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өз алдынча өнүгө баштайт. 20-к-дын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) б-ча Г. табигый ж-а коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз геогр. мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-к-дын башында өлкөтаануу м-н «адамдын географиясын» бийик деӊгээлге жеткирген.
Россияда 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Г-да бир катар жаӊы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурак таануу илимине негиз салып, комплекстик физ. геогр. изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-к-дын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүнүк такталып, анын геогр. изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. З. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын ж-а анын морфол. бөлүнүш схемасын сунуш кылган.
СССР ИА 1920–30-жылдарда 22 млн км2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк геогр. Закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурак таануу, тоӊ таануу, палеогеография ж. б. Тармактардын теор. маселелерин изилдөө м-н бирге комплекстик физ. геогр. ж-а экон. геогр. проблемаларга, райондоштурууга көӊүл бурулат; табигый чөйрөнүн физ. геогр. компоненттеринин аймактык таралышынын закон ченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы тереӊ изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик ж-а компоненттик Г-лык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физ. Г-нын теор. изилдөөлөрү жалпы жер таануу (А. А. Григорьев) ж-а ландшафт таануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар ж-а деӊиздер ж-дө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан.
Г-нын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү ж-а татаалдыгы Г-га ыкташкан жаӊы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, мед. Г. ж. б.) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаӊы матем., геохим. ж. б. методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү.
Сов. физ. Г-да табигый геогр. комплекстер (геосистемалар) ж-дөгү ил. түшүнүк калыптанды. Ал географиялык кабыктын түзүлүшүн ж-а өнүгүү закон ченемдерин (жалпы физ. Г.) ж-а анын аймактык бөлүнүшүн, морфол. түзүлү- шүн ж. б. маселелерди (ландшафт таануу) изилдеди; ири физ.-геогр. региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мис., «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» ж-дөгү 15 томдон турган серия).
Экон. Г. жалпы теория м-н бирге СССРдин экон. райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук ж-а тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар б-ча жалпыланган экон.-геогр. мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөр жай, транспорт, а. ч., калк, шаар ж. б.),
табигый шарттардын ж-а ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Сов. экон. Г. башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту.
Г. тарыхын ж-а тарыхый Г-нын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Сов. картографиянын Г. м-н тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык ж-а комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар м-н атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Сов. Г. акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, б. а. конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият м-н коомдун өз ара мамилелерин жалпылоочу ж-а жакшыртуучу ил. проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Сов. Г-нын теор. ж-а практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Г-лык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.

Г-нын башка өлкөлөрдөгү абалы.

Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук м-н пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамл. бийликтерди ж-а монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония ж. б. айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер ж-а жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Г-лык изилдөөлөр аспап-жабдыктар м-н өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө ж-а чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси ж. б.) Г-нын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физ. Г. ж-а экон. Г-га бөлүү туура болбойт, Г. тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Г-нын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европ. изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көӊүл бурат.

Маанилүү Г-лык коомдор ж-а мекемелер.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык Г. союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Г-лык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк ж-а региондук деӊгээлдеги мааниси бар Г. уюмдары: Орус Г-лык коому, РФ ИАнын Г. ин-ту, КМШ ИАларынын Г. ин-ттары, бөлүмдөрү, ун-ттердин геогр. ф-ттери, Улуу Британия королдугунун Г. коому, Канаданын королдук Г. коому, АКШ Улуттук Г. коому, Париж Г. коому ж. б.

Г-нын Кыргызстанда өнүгүшү.

О. Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чыгыш элдери б. з. башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. Тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. О. кылымдарда Кырг-ндын жалпы аймагы ж-а анын айрым табигый бөлүктөрү (мис., Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында геогр. маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) ж-а Л. Гумбольдт (1843) Теӊир-Тоо м-н Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борб. Азиянын Г-сы б-ча биринчи жалпыланган ил. концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура ил. Г-сы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын ил. экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кырг-н аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү ж-а жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кырг-ндын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары ж-дөгү азыркы ил. түшүнүктөргө негиз салды. 19-к-дын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геол., зоологиялык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө м-н таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү ж-дө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
Кырг-ндын Г-сын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, амер. В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) ж-а жерг. саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь соц. рев-ясынан кийии Г-лык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу ж-а өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кырг-нда бир да ил. мекеме болгон эмес, жогорку билимд үү адистер жокко эсе эле. Азыр респ-да атайын
Г-лык (КР ИАнын геогр. бөлүмү, Бийик тоолуу Теӊир-Тоо физ. геогр. станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад ун-ттеринин Г. багыттагы ф-ттери, Борб. Азия Жер изилдөө ин-ту ж. б.) ж-а геогр. багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) ил., өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Г-га чектеш илимдер изилдейт. Кырг-н Г-лык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин респ-нын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР ИАнын ж-а О. Азия ун-тинин экспедициялары Кырг-ндын Г-сына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Геогр. ин-ту негиздеген Физ. геогр. станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын ил. мекеме болуп калды.
1943-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-ж. КМУ ачылгандан бери респ-нын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жерг. окумуштуулар м-н адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар ичинде Г. илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери б-ча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы ж. б. ж-дө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 ж. б.). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык ж-а гидрол. маалымат жыйнактары, мөӊгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык ж-а комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 ж. б.) аткарылды. Экон. геогр. изилдөөлөр Кырг-ндын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөр жайы, а. ч., табигый ресурстарды пайдалануу ж-а алардын экон. Г-лык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. А. ч-сын, өнөр жайды ж-а эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экон. геогр. проблемалары ж-а эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) тереӊ талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. Оторбаев, 1957 ж. б.) ж-а бүткүл Кырг-ндын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 ж. б.). Респ-нын ж-а анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы ж-а энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө.
Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү ж-а өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Респ-нын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көӊүл бурулуп келүүдө.
Кырг-ндын аймагында абанын ж-а топурак кыртышынын темп-расынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов ж. б.).
Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилденди, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө ж-а прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө ж-а калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу б-ча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы б-ча Кырг-ндын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү ж-а алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилд өө иштерине айрыкча көӊүл бурулуп, аларды прогноздоо ж-а эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда.
Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөӊгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б.).
Табигый ресурстарын комплекстүү инвентарлаштыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфология» (Ш. Качаганов ж. б.) карталары түзүлдү.
Тармактык изилдөөлөр м-н бирдикте Кырг-ндын Г-сында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кырг-нда ландшафттык ж-а комплекстүү физ.-геогр. ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын Г. бөлүмү тарабынан Нарын д-нын жогорку агымында (50-жылдардын аягында) Алай кырка тоосунда (1973–75) ж-а Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында (1976–80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э. К. Азыкова, С. Байгуттиев, К. Матикеев ж. б.).
Теӊир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт б-ча белгилүү салым болуп калды. Ал Кырг-ндын комплекстүү ил.-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топтому болду.
Респ-да топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта респ-нын Г-лык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев ж. б.) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» ж. б. (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов ж. б.) жарыкка чыкты.
Кырг-ндын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда ж-а жүздөгөн макалалар м-н тезистерде чагылдырылып, алар эл аралык, бүткүл союздук ж-а респ-лык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРинин климаты» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу сериясы» (1970), «Кыргызстандагы география илимдеринин өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» ж. б. «Кыргыз жергеси» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географиясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар м-н сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы Г. илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын ж-а ил.-популярдуу ад-ттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды.
Кырг-н эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар м-н камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам респ-дагы геодезия ж-а картография кызматы бул өксүктү толтуруу б-ча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, о. эле ресурстардын ж-а саясий-адм. карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу ил. эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү ж-а фундаменталдуу, ил. маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер м-н жабдылып, респ-нын табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын ж-а табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 ил., өндүрүштүк мекемелердин ж-а жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас б-ча ил. уюштуруучулук ж-а координациялоо иштери КР УИАнын Геология ин-тунун Г. бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.
Ад.: Берг Л. С. Ландшафтно-географические зоны Советского Союза. Т. 1–2, М.; Л., 1947–52; Докучаев В. В. Соч. Т. 1–7. М.; Л., 1949–53; Американская география. Современное состояние и перспективы / Пер. с англ. М., 1957; Баранский Н. Н. Экономическая география. Экономическая картография. 2 изд. М., 1960; Методы географических исследований / Сб. ст. М., 1960; Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Бунге В., Теоретическая география /Пер. с англ. М., 1967; Герасимов И. П. Преобразование природы и развитие географической науки в СССР. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; Исаченко А. Г. Развитие географических идей. М., 1971; Анучин В. А. Теоретические основы географии. М., 1972; Саушкин Ю. Г. Экономическая география: история, теория, методы, практика. М., 1973; Нееф Э. Теоретические основы ландшафтоведения / Пер. с нем. М., 1974; Умурзаков С. У. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. Ф., 1959; Рязанцев С. Я., Павленко В. Ф. Киргизская ССР. М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах. Ф., 1973; Киргизия (Серия «Советский Союз»). М., 1970; Природа Киргизии. Ф., 1962; Кыргыз Совет энциклопедиясы. 6 томдук. Ф., 1970–1983; «Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы». I томдук. Б., 2004–2015; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Б., 1990; Эргешов А. А., Музакеев М. А., Цигельная И. Д. Водный баланс Кыргызстана. Б., 1992; Подрезов О. А. Горная метеорология и климатология. Б., 2000; Кыргызстан географиясы (энциклопедия). Б., 2004; Аламанов С. К., Акматов Р. Т. Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006; Чодураев Т. М. Взвешенные наносы рек Кыргызстана. Б., 2007; Аламанов С. К., Подрезов О. А. Изменение климата и водные проблемы Центральной Азии. М., 2006.
С. Аламанов.