БРУНО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БРУ́НО Жордано, Филиппо (1548, Неаполго жакын жерде –17. 2. 1600, Рим) — итал. философ, акын, астроном. Ал 1575-ж. Монахтыктан баш тартат. Динчилер куугунтукка алганда, Италиядан качып, Францияда, Англияда, Германияда жашайт. Схоластикалык философияга, католиктер чиркөөсүнө каршы чыгармаларын жазат. 1592-ж. динчилер аны Венецияга алдап чакырып, кайрыдин болду деп айыптап, 8 жылга камакка алат. Ал өз ой-пикиринен танбагандыктан, инквизаторлор тарабынан өрттөлөт. Николай Кузанскийдин идеяларын ж-а Н. Коперниктин гелиоборб. космологиясын өнүктүрүп, Ааламдын чексиздиги ж-а дүйнөнүн сансыз көптүгү ж-дөгү концепцияны киргизген. Ал гелиоборб. теорияны андан ары өөрчүтүп, тирүү организмдер жашоочу Күн системасынан тышкары да Аалам бар деген маанилүү ил. божомол айткан; Аалам чексиз, бардык нерсе кыймылдап, тынымсыз өнүгүп, жерде да, асманда да жаратылыштын мыйзамдары бирдей эле аракеттенет деп эсептеген. Б. илимдин таламын жактап, католиктер дининин позициясына ж-а догматтарына доо кетирген.