БРЭИЛА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРЭИ́ЛА – Румыниянын түш.-чыгышындагы шаар. Брэила жудецинин (уезд; адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 206,5 миӊ (2012). Дунайдын сол жээгинде, чатынан 170 км аралыкта жайгашкан. Маанилүү жол тоому; өлкөнүн ири портторунун бири, Дунайдагы кеме жолунун акыркы пункту. Алгач 1368-ж. Валахия княздыгынын борбору катары эскерилет. 1462-ж. өрттөн жабыркаган. 20-к-дын башынан ири дарыя порту (негизинен эгин ташылат); Румыниянын соода ж-а диний борбору. Чиркөөлөр ж. б. турак жай курулуштары (19-к.), монумент, китепкана, музейлер, жазуучу П. Истратинин үй музейи, театрлар бар. Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт. Болот прокат, металл иштетүү, машина куруу, хим., целлюлоза-кагаз (а. и. камышты иштетет), тигүү, курулуш материалдар өнөр жайы иштейт. Шаардан 7 км түш.-батышта Лаку-Сэрат бальнеол.-баткак курорту жайгашкан.