БРЮССЕЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРЮ́ССЕ́ЛЬ (фр. Bruxelles, фламанча Brussel) – Бельгия Королдугунун борбор шаары. Сенна д-нын боюнда жайгашкан. Брабант провинциясынын адм. борбору. Калкы 1,2 млн (2006; 2,1 млн, шаар айланасы м-н). Ири жолдор, порт, каналдар тоому. Завентем эл аралык аэропорту бар. Улуттук ж-а чет өлкөлүк көп банктардын башкармалары; түрдүү машина куруу (а. и. автомобиль ж-а прибор куруу), электр-тех., хим., тамак-аш, фармацевтика, парфюмерия, полиграфия, булгаары, жеӊил өнөр жайы бар. Кустардык жол м-н тор, килем токуу байыртадан

эле колдонулуп келген. Зергерчилик өнүккөн. Метрополитен, ун-т (1834-жылдан), Геогр. ин-т, Иск-во ж-а ИА, Пастер ин-ту иштейт. Эски ж-а заманбап иск-во, Королдук көркөм өнөр ж-а тарых музейлери ж. б. бар; Б-де эл аралык конф-ялар, съезддер өткөрүлүп турат.
Б. – 12-к-дын 2-жарымынан Брабант герцогдугунун башкы экон. борб-нун бири. Мында Брабант герцогдорунун (кийинчерээк Нидерланддагы Габсбургдардын наместнигинин) резиденциясы болгон. Нидерланд рев-ясынын жүрүшүндө 1576-ж. 4-сентябрда Б-де чыккан көтөрүлүш өлкөнүн түштүгүндө испандык үстөмдүктү жок кылган, бирок 1585-ж. испан аскерлери шаарды кайрадан басып алган. 1830-ж. Бельгия мамлекети түзүлгөндөн кийин, Б. анын борбору болгон. 1914–18-, 1940–44-ж-да герман аскерлери басып алган. Б-де НАТОнун штаб-квартирасы, Европа Экономикалык Союзунун, Бенилюкстун борб. органдары жайгашкан. 1958-ж. Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өткөн. 11–19-к-дагы көптөгөн арх-ралык эстеликтер, готика стилиндеги ратуша (15-к.) ж-а собор (13–15-к.) сакталган. Шаардын тарыхый борбору, 90 метрлик коӊгуроолуу готика стилиндеги ратуша Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Ад.: Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006.