БУАКЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУ́АКЕ́, Б в а к е – Кот-д’ Ивуар мамлекетинин борб. бөлүгүндөгү шаар. Вале дю Бандама обл-нун адм. борбору. Калкы 537,0 миӊ (2015); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар. Жолдор тоому. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. 1899-ж. француз форту катары негизделген. Ун-т, пахта ил.-из. ж-а Пьер Рише (1973; тропиктик медицинасы жаатында изилдөө жүргүзөт), ин-ттары токойчулук мектеби бар. Б. – а. ч-луу аймактын соода борбору (кофе, какао, гозо, шалы, ямс, сизаль, тамеки ж. б.). Тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим, тамеки, пахта тазалоочу, күрүч актоочу өнөр жайы, ЖЭС иштейт.