БУГУ ЧАРБАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУГУ ЧАРБАСЫ – Четки Түндүктүн мал чарба тармагы. Мында түн. ж-а панттык (мүйүзүнөн пант алынуучу) бугулар багылат. Түн. Б. ч. бакма түн. бугуларын багып көбөйтөт. Азия ж-а Европанын түн. кеӊдиктеринде (Чукча ж. а-нан Скандинавияга чейин) өнүккөн. Түн. Б. ч-нын качан ж-а кайсы жерде пайда болгондугу ж-дө так маалымат жок. Бугу илгертен эле түрдүүчө пайдаланылган. Сибирдин тундра зонасындагы эл бугуну негизинен эт, тери алуу үчүн, тайгадагы эл унаа катары асыраган. Бугу эти сиӊимдүүлүгү ж-а даамдуулугу жагынан уй этинен калышпайт; териси – булгаары ж-а мех өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан сапаттуу күдөрү, чылгый кайыш, хром ж. б. даярдалат, жылуу кийим ж-а бут кийим тигилет, тери чатыр, көчмө үйлөр жасалат. Бугу, о. эле унаа (чанага чегүү, жүк ташуу, минги) катары түндүктө кеӊири пайдаланылат.