БУДДА ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУ́ДДА ИСКУССТВОСУ – Буддага байланыштуу байыркы ж-а о. кылымдын аралыгындагы ар түрдүү көркөм эстеликтер. Адегенде Индияда Будданын өмүрү ж-а иши тууралуу иконография салты, түрдүү символикалык образдар пайда болот. Будда курулушунун негизги типтери: илгери курулган үӊкүр храмдары (арх-ра, скульптура ж-а сүрөт синтези катары), ступалар. Кытай, Япония ж-а Кореяда ар түрдүү типтеги жыгач храмдар, скульптуралык чакан чыгармалар, монумент скульптурасы ж. б. сүрөттөр Будда сюжеттеринде курулган. Индонезия м-н Камбоджадагы пагодалар (касиеттүү таш мечит

тер), Индия, Бирма ж-а Непалдагы монастырь комплекстери, Тибет, Монголия ж-а Бурятиядагы лама монастырларынын курулуштары – Б. и-нун мыкты үлгүлөрүнөн.